Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Чек ара боюнча чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1348 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 15-апрелде чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Ташкент шаарында кол коюлган өкмөттүк делегациялардын жыйынтык протоколу талкууга алынды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген.

«Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан, мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл экендигин белгиледи.

Анын пикиринде, кайсы тилкелер такталгандыгын картадан көрсөтүү керек.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына протоколдун мындан аркы ишке ашырылышы боюнча, мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM