Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 1201 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, андан бир адам жабыркады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ок атуу 2-июнь түнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында орун алган.

Түнкү саат 1:20лар чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын жаранына бир нече жолу ок чыгарган. 38 жаштагы айдоочу Ош — Исфана автожолу менен кетип бара жаткан. Жыйынтыгында ал жеңил жаракат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жаткырылган.

Ошол эле түнү эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушкан.

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM