Биз менен байланышыңыз

Айжигитов кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү жолун сунуштады

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2021 | 1158 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени тез арада чечүүгө болот. Мындай пикирин Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга»  берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселесине эч ким көңүл бурбагандыктан, көйгөй чечилбей келет. Биринчиден, туруктуу чек ара саясаты жок. Андыктан, келген ар бир бийлик шартка жараша гана аракеттерди кылып, мунун кесепетинен тополоңдор орун алууда.

«Чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүү керек. Бирок дипломатиялык сөзүң өтүмдүү болушу үчүн артыңда күчтүү экономика жана куралдуу күч болушу шарт. Чечимге жергиликтүү эл ынанбаса, тополоң чыга берет. Эгерде жерлер алмаштырылса, калкка ачык айтылышы кажет, мындай иштер сыр болбошу керек. Күмөндүү кадамдар нааразычылыкты жаратат», — дейт Айжигитов.

Анын баамында, чек ара аймагында тажиктер кыргыздарга караганда көп болгондуктан, акырындык менен басып алып, Кыргыстандын көп жерлерин ээлеп калууда. Мындан улам убакыттын өтүшү — тажик тарапка ыңгайлуу, пайдалуу.

Маселени чечүү үчүн Алматы-Минск келишиминин негизинде чек араларга убактылуу болсо да тор тартуу зарыл. Өзбекстан аталган ыкманы ыңгайлуу жерлер үчүн колдонгон.

Айжигитов мындан сырткары Чек ара кызматы менен УКМКнын бириккени туура кадам болгонун, эки кызматтын функциясы бириккенде натыйжа жогору болорун кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM