Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Тажик өспүрүмдөрдү кыргыз чек арачылары кармаган эмес

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1116 | 0

Ворух анклавында жашаган эки тажик өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалымат каражаттарында тараган кабардан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Тажикстандын чек ара кызматы расмий түрдө мектеп окуучуларын кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышкан деген маалыматты четке каккан. Ошондой эле тажик тарап «фейк» маалымат тарап жатканын моюнга алган.

Буга чейин тараган маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышканы айтылган.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда 19-21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта курулуш материалдарын коргоп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелдин кечинде Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. Алар менен бирге Тажикстанда кармалып турган алты кыргыз жараны бошотулган. Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен.

Кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Душанбеге нота жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM