Биз менен байланышыңыз

Трамптын «маданияттуу» мактанычы: Араб падышасын биз коргоп турабыз

Дүйнө | 3 Окт 2018 | 875 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазизге дипломатиядан тышкары эле эскертүү бергенин ачыкка чыгарды. Маалыматты Reuters  агенттиги жазып чыкты.

Миссисипиде журналисттерге айткан сөзүндө Трамп Сауд Аравиясынын азыркы бийлигинин артында АКШ армиясы болбосо, эки жума дагы бийликте тура албасын билдирген.

“Мен Саудияны коргоп жатам. Ал бай болгону үчүн деп ойлошуңар мүмкүн. Жок! Мен Салман падышаны жакшы көрөм. Бирок ага айттым: “Падыша, биз сени коргобосок, эки жума дагы бийликте тура алмак эмессиң. Сага кызмат кылган аскерлер үчүн акытөлөшүң керек”,- деп”,-деген ал билдирүүсүндө.

Президент Трамптын качан жана каерде айтканы белгисиз болгон бул копол сөздөрү дипломатиянын чектерин ашып түшсө дагы Сауд Аравиясы менен болгон мамилесин бузбайт. Анткени бул эки өлкө Жакынкы Чыгыштагы Ирандын агрессивдүү таасирин жок кылууда өнөктөш болуп саналары маалыматта айтылган.

АКШнын тагдыры да Сауд Аравиясынын маанайынан көз каранды. Себеби Сауд Аравиясы учурда мунайды өндүрүү жана экспорттоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана аны өндүрүүчү өлкөлөрдүн OPEC биримдигинин да башкаруучусу болуп саналат. Дүйнөдөгү мунайга болгон баа Саудиянын каалоосу менен ченелет.

Ошондуктан АКШнын Саудияга каршы мунай ресурстарынын баасынын көтөрүлүүсү боюнча ич күптүсү бар. Муну Трамп байма-бай айтып, мунайга болгон бааны түшүрүүсүн талап кылып келет.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM