Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 31, Ош облусу – 1, Ысык-Көл облусунда – 12 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.