Марал Радиосу

Коронавирустан эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 19-октябрга карата коронавирус 93 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 49, Чүй облусунда – 31, Ош облусу – 1, Ысык-Көл облусунда – 12 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 527 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.

Exit mobile version