Парламент Өкмөт тарабынан вице-премьер-министр кызматына көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды.
Анын талапкерлигин добуш берүүгө катышкан 91 депутаттын баары колдоду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүн талкууда айтылган маселелерди чечүү үчүн биргеликте аракеттене турганын белгиледи.
Мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз арызынын негизинде бүгүн, 1-апрелде кызматын тапшырган.