Чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандык жарандан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алардын ичинен:
Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран;
Пакистанда – 3 жаран;
Испанияда — 1 жаран.
«Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда», — деди Акматова.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 58 адамдан коронавирус табылды. Алгачкы жагдай 18-мартта катталган.