Медициналык бет каптарды лицензиясы жана мамлекеттик каттоосу жок чыгарууга жана сатууга убактылуу уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарын өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берилди. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Бул чечим Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыздоо максатында кабыл алынды.
Алсак, жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирбеген күндө дагы, коронавирус боюнча диагноз коюу жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарын алып кирүүгө болот.
Бул каражаттарда мамлекеттик жана расмий тилдерде атайын маркалоосу жок болсо, кыргыз же орус тилине которулган стикер чапталуусу шарт.
Тиешелүү чечим расмий түрдө токтотуу буйругу чыкканга чейин жарамдуу болуп саналат.
Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:
— табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;
— дары-дармектер жана медициналык каражаттар;
— күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.
Көрсөтүлгөн ишмердүүлүк тиешелүү өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөт.
Ошондой эле коммерциялык банктарга жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтарына тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө болот.
Бирок товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштуу болсо, анда жеке менчик күзөт агенттиктерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилет.
Майда стационардык жана көчмө түйүндөр, кафе, ресторандар, ашкана жана башка коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө алар продукцияларды алып чыгууга багытталган шартта уруксат берилмекчи.
Жүк ташуу боюнча, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү жана медициналык багыттагы товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында шаарлар, аймактар аралык унаа каражаттары менен жүк ташуулар, почталык жөнөтүүлөр, ошондой эле эл аралык эки тараптуу жана транзиттик ташуулар ишкананын билдирмесинин негизинде чектелбейт.
Коронавирус менен күрөшүү үчүн 18 миллиондой акча чогулган