Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен күрөшүү үчүн 18 миллиондой акча чогулган

Кыска кабар | 25 Мар 2020 | 512 | 0

Коронавирустан коргонуу ишине каржылык жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепте 17 млн 912 миң 417 сом чогулган. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, Финансы министрлигинин административдик эсебине түшкөн акча колдонула элек.

Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында комиссия түзүлүп, анын курамына ЖК депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет.

Кошумчалай кетсек, аталган эсеп коронавирустан коргонуу ишине каржылык колдоо көрсөтүү үчүн ачылган. Ага юридикалык жана жеке жактар ыктыярдуу түрдө каражат которо алат.


25-март: Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Copyright © 2017 Maral FM