2020-жылдын 25-марты саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб билдирди.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 42 учуру аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 учур,
Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
Бишкек шаарында – 2 учур,
Баткен облусунда – 1 учур
Учурда алар стационардык эмдөөдө. Вирус жуктургандардын бирөөсү реанимацияга жаткырылган.