Биз менен байланышыңыз

Япония бир ирет колдонулуучу медициналык беткаптардын зыяндуулугун эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 956 | 0

Япония бир ирет колдонулуучу медициналык беткаптардын планетанын экологиясына болгон коркунучун белгиледи. Бул туралуу япониялык Киодо агенттиги жазды.

Пандемияга байланыштуу медициналык беткаптар көп сатылууда. Учурдагы аптаптуу жайга карабастан дүйнөнүн булуң-бурчунда беткаптар колдонулууда. Бирок, көпчүлүк элдер беткапты колдонуудан кийинки калдыкты кантип туура зыянсыздандыруу керектигинен кабары жок. Ошондой эле агенттик айрым өлкөлөрдө бул таштандыны туура жок кыла турган шарттардын жоктугун жазды.

Учурда дайверлер Япониянын жээктеринде колдонуудан соң ташталган беткаптар сүзүп жүргөндүгүн айтып жатышат. Медициналык калдыктардын саны Түркия менен Европа өлкөлөрүндө да өстү. Франциянын экологдору океан менен деңиздерди медузалар эмес, беткаптар каптап кетеринен кооптонууда.

-Бир беткаптын майдаланып бөлүнүп, жок болушу үчүн жүздөгөн жылдар керектелет,— деп эсептейт OceansAsia уюму.

Copyright © 2017 Maral FM