Европа футбол ассоциацияларынын бирикмесинин (УЕФА) Чемпиондор лигасынын жана Европа лигасынын оюндары расмий токтотулду. Бул тууралуу УЕФА өзүнүн расмий сайтында билдирди. Мындай чечим дүйнөгө тараган коронавирустан улам кабыл алынган.
— Коронавирус пандемиясына байланыштуу Европа өлкө башчыларынын кабыл алып жаткан чечимдеринен улам, УЕФАнын келерки аптада өтө турган бардык футболдук беттештери токтотулат. Анын ичинде Чемпиондор Лигасы мелдештеринин ойнолбой калган 8/1 финалдык оюндары жана Европа Лигасынын 8/1 финалдык беттештери белгисиз мөөнөткө жылдырылды, — деп айтылат УЕФАнын Twitter баракчасында.
Буга чейин бир катар өлкөлөр оюндарды күйөрмансыз өткөрүү чечимин кабыл алып, беттештер өткөн. Кийинчерээк Италия, Испания, Англия өлкөлөрүнүн футболдук уюмдары мелдештерди расмий токтотконун жарыялашкан.
COVID-19 илдети өткөн жылдын декабрь айында пайда болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, оорудан каза тапкандардын саны 5 миңге чукулдады.