Биз менен байланышыңыз

УЕФАнын бардык оюндары расмий токтотулду

Кыска кабар , Спорт | 13 Мар 2020 | 701 | 0

Европа футбол ассоциацияларынын бирикмесинин (УЕФА) Чемпиондор лигасынын жана Европа лигасынын оюндары расмий токтотулду. Бул тууралуу УЕФА өзүнүн расмий сайтында билдирди. Мындай чечим дүйнөгө тараган коронавирустан улам кабыл алынган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Европа өлкө башчыларынын кабыл алып жаткан чечимдеринен улам, УЕФАнын келерки аптада өтө турган бардык футболдук беттештери токтотулат. Анын ичинде Чемпиондор Лигасы мелдештеринин ойнолбой калган 8/1 финалдык оюндары жана Европа Лигасынын 8/1 финалдык беттештери белгисиз мөөнөткө жылдырылды, — деп айтылат УЕФАнын Twitter баракчасында.

Буга чейин бир катар өлкөлөр оюндарды күйөрмансыз өткөрүү чечимин кабыл алып, беттештер өткөн. Кийинчерээк Италия, Испания, Англия өлкөлөрүнүн футболдук уюмдары мелдештерди расмий токтотконун жарыялашкан.

COVID-19 илдети өткөн жылдын декабрь айында пайда болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, оорудан  каза тапкандардын саны 5 миңге чукулдады.

Copyright © 2017 Maral FM