Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров учурда камакка алынган Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевди колдоп нааразычылык акциясына чыкты. Ал айылдык депутатка куугунтукту токтотууну жана аны бошотууну талап кылат.
— Сапарали Бөрүбаев жеке кызыкчылыгын көздөгөн жок. Ал Кыргызстандын аймагын колдоп, чек ара маселесин көтөрүп чыкты. Мындай жигиттер колдоого татыктуу, — дейт укук коргоочу.
Сапарали Бөрүбаев 14-февралда кармалып, Лейлек райондук соту тарабынан эки айга камакка алынган. Ага «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, кийин талап-тоноо айыбы да тагылууда.
Сапарали Бөрүбаев өзүнө тергөөчү тарабынан психологиялык басым болгонун билдирип, бул боюнча прокуратурага кайрылганын анын жактоочусу Асылбек Кунгуров “Маралга” билдирген.