Тажик тарап Ош-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылынан өткөн жеринде дагы курулуш баштады. Орто-Боздун Төрт-Көчө (Жака-Өрүк) аймагындагы Ош-Исфана кан жолу менен Тажикстандын Исфара-Ворух жолу кесилишкен жерге тажиктер бүгүн, 17-октябрда кечке жуук жаткан тосмо (лежачий полицейский) орнотушту. Бул тууралуу Жергиликтүү Кеңештин депутаты Санжарбек Ысаков «Маралга» билдирди.
Ал тажиктерден эмне максатта куруп жаткандыгын сураганда тажик тарап: «Бул — биздин жер, эмне кылаарыбызды өзүбүз билебиз», — деген жооп айтышкан.
Белгилей кетсек, кечээ жакында эле 16-17 октябрларда эки тараптан вице-премьер-министрлер катышкан сүйлөшүүлөр жүргөн болчу.
Эске салсак, 14-сентябрда да тажик тарап дал ушул аймакка курулуш баштап, 16-сентябрь күнү Лейлектин чек арадагы Максат айылында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда куралдуу ок атышуу болгон. Тажик тарап оор артиллериялык курал, миномёт колдонгон.
Pingback: Тожикистонликлар аниқланмаган ҳудуддаги йўлга «ётиқ полиция» ўрнатишди | ҚИРҒИЗИСТОН ЯНГИЛИКЛАРИ