Биз менен байланышыңыз

Бюджет-2020: Баткенге бөлүнгөн каражат мурункудан да азайды

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 1585 | 0

Өкмөт күн алыс тажиктер менен чек ара чыры чыгып турган Баткен облусуна бөлүнүүчү каражатты кыскартат.

Мындай маалымат Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган өлкөнүн келерки жылга болжолдогон бюджетинин долбоорунда каралган.

2019-жылы облуска теңдештирүүчү трансферттер 229,6 миллион сомду түзгөн болсо, Өкмөт 2020-жылы 224,5 миллион бөлгөнү жатат.

Акыркы жылдары бир катар оор чек ара чырынан жапа чегип жаткан аймакка каржылоону көбөйтүүнү буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөттөн өтүнгөн болчу.

Тажиктер чек арага ээн баш курулушун дагы баштадыбы? (видео)

Copyright © 2017 Maral FM