Биз менен байланышыңыз

Тажиктер чек арага ээн баш курулушун дагы баштадыбы? (видео)

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 4608 | 3

Тажик тарап Ош-Исфана унаа жолунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылынан өткөн жеринде дагы курулуш баштады. Орто-Боздун Төрт-Көчө (Жака-Өрүк) аймагындагы Ош-Исфана кан жолу менен Тажикстандын Исфара-Ворух жолу кесилишкен жерге тажиктер бүгүн, 17-октябрда кечке жуук жаткан тосмо (лежачий полицейский) орнотушту. Бул тууралуу Жергиликтүү Кеңештин депутаты Санжарбек Ысаков «Маралга» билдирди.


Бюджет-2020: Баткенге бөлүнгөн каражат мурункудан да азайды


Ал тажиктерден эмне максатта куруп жаткандыгын сураганда тажик тарап: «Бул — биздин жер, эмне кылаарыбызды өзүбүз билебиз», — деген жооп айтышкан.

Белгилей кетсек, кечээ жакында эле 16-17 октябрларда эки тараптан вице-премьер-министрлер катышкан сүйлөшүүлөр жүргөн болчу.

Эске салсак, 14-сентябрда да тажик тарап дал ушул аймакка курулуш баштап, 16-сентябрь күнү Лейлектин чек арадагы Максат айылында тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда куралдуу ок атышуу болгон. Тажик тарап оор артиллериялык курал, миномёт колдонгон.

3 пикир

3 пикир

  1. Каримов сейдали

    18.10.2019 08:25

    Гранитсаны чечпеген президент пример минстир кетсин мвндай чондордун кереги жок садыр жапаровду колдойлу баткен облустун элдери

  2. Каримов сейдали

    18.10.2019 08:37

    Гранитсаны чечпеген президент пример минстирлер кетсин элдин талабын укпаса

  3. Pingback: Тожикистонликлар аниқланмаган ҳудуддаги йўлга «ётиқ полиция» ўрнатишди  | ҚИРҒИЗИСТОН ЯНГИЛИКЛАРИ

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM