2018-жылы билим берүү тармагында 1812 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу 17-апрелде Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогоку Кеңештин жыйынында билдирди.
Аталган фактылар боюнча 6 кылмыш иши козголуп, 4 доо каралып, 845 адам дисциплиналык жоопкерчиликке , 13 адам администрациялык жоопкерчиликке тартылган.