Биз менен байланышыңыз

Коомдук жайларда жана унааларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 910 | 0
Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соода борборлорунда жана коомдук унааларда беткап тагынбаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Кубатбек Боронов соода түйүндөрүнүн күзөт кызматы келген кардарлардын беткап менен жүрүүсүн катуу көзөмөлгө алуусу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты.
— Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу тобокелчилиги жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл, — деди биринчи вице-премьер-министр.
Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу, ал эми тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Штабдын жыйында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.
Отурумдун жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдетти жуктуруп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу, Республикалык штаб тарабынан берилген тапшырмаларды ыкчам аткаруу, сапаттуу бүткөрүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM