Биз менен байланышыңыз

Акаев: Өкмөт башчы коррупцияга тиешеси жок экенин далилдесин

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 1057 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев учурдагы өкмөттүн тушунда дем алып жаткан аба дагы сатылып, төрт адам ушул боюнча абакта жатканын айтты. Анын айтымында, буга чейин алтынды саткан, жерди саткан, кенди саткан учур болду, бирок азыр абаны сатып акча кылгандар да пайда болуп жатат.

— Бүгүн айтпасам болбойт, «коронакризис» пайда болгондон бери каражат таппай, баардык эл аралык каржы уюмдардан акча сурап, эптеп бюджетти жаап жатабыз. Мен бир маселеге көнүлүңүздөрдү бурдургум келет:  мурдараак Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси коррупциялык ири ишке шектелип камалды. Андан кийин УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси камалды, Өкмөттүн Аппаратынан дагы ушул маселе боюнча бүгүнкү күндө сурак берип жатышат.

Буга чейин «Ala-TV» деген болгон. Ал жакында 200 МГц (мегагерц) жыштыгы менен кошо «Билайн» компаниясына сатылган. «Ala-TV» телевизордук кабелге гана ыңгайлашкан, жыштык телевидение үчүн гана. Бирок ошону Билайнга 1 млн 800 миң долларга сатып жатат.

Буга чейин Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц аукцион, сынак менен 1 миллиард 500 миң сомго сатылган. Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц 700 сомго кетип жатат. Менде азыр Мамлекеттик байланыш агенттигинин жашыруун каты турат. Анда «Бул мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келип, бюджетке миллиарддаган акча зыян болот. Биз 200 мегагерцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Ошон үчүн биз мындай кадамга барбашыбыз керек» деп жазылган. Бирок ошого карабастан мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, сынак кылбай булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат, — деди Акаев.

Ошондой эле Жанар Акаев ага чейин дагы бир 900 млндук лицензияны башка байланыш операторлоруна 1000 сомго сатып жиберишкенин айтты.

Жанар Акаев билдиргендей, жогорудагыдай иштер өкмөт башчынын уруксаты жок  ишке ашпайт, аталган мыйзамсыз сатуунун негизинде бюджет дээрлик 5 млрд сомго зыян тарткан. Ошондуктан депутаттын пикиринде, премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул кылмышка тиешеси бары-жогун  тез арада далилдеп бериши керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM