Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу ыраазычылык билдирет (Аймак сыймыктары)

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1209 | 0

«Марал» радиосу 20-декабрда «Аймак сыймыктары» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Ага жалпысынан 112 кайрылуу түшүп, анын ичинен 13 катышуучуга сыйлык ыйгарылды. Иш-чара президенттик аппараттын жана өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий жана коомдук ишмерлер катышты.

Мындан улам «Марал» радиосунун жалпы жамааты иш-чарага катышкан жана колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирет:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө;

-Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиевге;

-Коомдук-саясий жана маданий ишмерлер Аида Салянова, Аскар Салымбеков, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Абдырахман Маматалиев, Жеңиш Молдокматов, Алманбет Матубраимов, Накен Касиев, Амангелди Муралиев, Жолборс Жоробеков, Бакыт Рыспаев, Түгөлбай Казаков, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Эдил Осмонбетов жана ишкерлерге;

-Демөөрчүлөр «Замандаш» саясий партиясына, «Мегаком» компаниясына, «Pierre coffee» кофейнясына, «Улуу тоолор» басмасына, «Образ» студиясына жана «BSP» компаниясына;

-«Аймак сыймыктары» сынагынын жеңүүчүлөрү Кара-Суу районундагы Кенжекул айылынын жашоочуларына, «Ашуу» конок үйүнүн жетекчилигине, мигранттардын балдары үчүн бала бакча ачкан Нурсултан Карабаевге, «Бизнес-Караван» долбооруна, «Прод Импекс» ишканасынын жетекчилигине, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеевге, Өз үйүн бала бакчага берген Урматхан Исмаиловага, «Эко деми» коомдук фондуна, майып балдарды окуткан Айзат Кангелдиевага, АРИСтин «Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу» долбооруна, меценат ишкер Рахатбек Бекташевге, «Бир айыл — бир продукт» долбооруна (JICA), кайрымдуу ишкер айым Наима Осмоновага;

-Бул сынакка сунуш жөнөткөн бардык жарандарга;

Турсунбеков: Марал-эң ишенимдүү радио

Жапаров «Маралды» «Тойотага» окшотту

Жээнбеков: «Марал» — бейтарап радио

Каптагаев: «Аймак сыймыктарын» колдошубуз керек

Салянова: Аймак сыймыктары биринчи жолу сыйланууда

Президент: «Марал» радиосунун «Аймак сыймыктары» сынагы ар тараптан колдоого татыктуу

Молдокматов: “Марал” бүгүн бийиктигин көрсөтө алды

 

«Аймак сыймыктары» кимдерге ыйгарылды? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM