Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Маралды» «Тойотага» окшотту

«Марал» радиосунун «Аймак сыймыктарын» сыйлоо аземинде сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров радиону Япониянын Tойотага автоунаа компаниясына окшотту.

«Атактуу компаниянын чакан жамааты башында дуйнөлүк аренадагы компания болобуз деген ниетин билдиргенде  башкалар ишенбей, күлгөн. Бирок мамлекет ага «Дүйнөлүк банктан» 5 миллион доллар алып бергенде алар өзү өндүргөн унаалары менен дүйнөнү багынткан компания болуп чыга келишти. Маралдын жамааты да кичине болгону менен бийик максаттары бар уюм».

Жапаров радиону дал ошондой бийиктиктерге жетүүсүнө тилектештигин билдирди.

«Аймак сыймыктары» аземи бүгүн Бишкекте өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM