Биз менен байланышыңыз

Президент: «Марал» радиосунун «Аймак сыймыктары» сынагы ар тараптан колдоого татыктуу

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 2007 | 0

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков “президентке кат куржун” акциясынын алкагында өзүнүн дарегине жазылган каттарга жооп берди.

Анда ал “Марал” радиосунун кайрылуусу менен да таанышып, радионун дарегине кат жолдогон. Президент айтылган каалоо-тилек, активдүү жарандык позиция үчүн ыраазычылык билдирген.

-“Марал” радиосунун “Айылдан сүйлөйбүз” долбоору жөнүндө кабарым бар. Региондорду өнүктүрүү боюнча менин Жарлыгымдан кийин обого чыга баштаган бул берүүдө региондордогу негизги көйгөйлөрдү элдин үнү менен берип, алардын чечилишине көмөкчү болуп келесиздер.

Андан тышкары 2018-жылы аймактын өнүгүүсүнө салым кошкондорду аныктоо жана сыйлоо максатында «Марал» радиосу тарабынан уюштурулуп жаткан “Аймак сыймыктары” сынагын ар тараптан колдоого татыктуу деп белгилеген. Бул иш-чарага чакырылганы үчүн ыраазычылык билдирген.

-Өлкө аймактарын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп жаткан мекенчил азаматтарды радио угармандар менен чогуу аныктап, аларды даңазалайын деген максатыңарды ишке ашырууга кол кабыш кылууга даярмын.

Кошумчалай кетсек, Марал радиосу аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарды аныктап, сыйлоо максатында “Аймак сыймыктары” аттуу сынак жарыялаган. Сунуштарды кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлүп, сыйлоо аземи 21-декабрда өтмөкчү.

Толугураак маалымат шилтемеде:

Аймак сыймыктары

Copyright © 2017 Maral FM