Биз менен байланышыңыз

Аймак сыймыктары

2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылына карата “Марал” радиосу “аймак сыймыктарын” аныктайт. Сынактын талаптары:

-Жаңы жумушчу орун түзгөндөрдү,

-Айылдык инфраструктураны жакшырткандарды,

-Экспортко жол ачкандарды,

-Социалдык обьектилерди кургандарды,

-Инновациялык долбоорлорду ишке ашыргандарды,

-Агартуучулукка, адамдык потенциалды жогорулатууга салым кошкондорду,

-Мыкты натыйжа көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн,

сунуштай аласыз.

Аймактарды өнүктүрүүгө өз салымын кошкон атуулдарды бирге аныктайлы.

Сунуштарды radiomaral@gmail.com дарегине жана Whatsapp аркылуу 0552 68 06 06 номуруна жөнөтө аласыз. Анда көрсөткөн талапкериңиз тууралуу маалыматты жазуу түрүндө жөнөтүп, сүрөт, видео жана аудио материалдарды да тиркей аласыз.

Кабыл алуу 15-декабрга чейин жүргүзүлөт. Андан соң атайын комиссия келип түшкөн талапкерлердин ичинен мыктыларын тандамакчы.

Сыйлоо аземи 20-декабрда өтөт.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер салтанаттуу түрдө тапшырылмакчы.

Кененирээк билүү үчүн 0552 68 06 06 номуруна чалыңыз.

Copyright © 2017 Maral FM