Биз менен байланышыңыз

Каптагаев: «Аймак сыймыктарын» колдошубуз керек

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 800 | 0

«Марал» радиосунун «Аймак сыймыктары» сынагынын мааниси абдан терең, бул демилгени баары колдосо керек. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев билдирди.

Ал өлкөдө өнүгүүгө умтулган адамдар көп экенин айтып, алардын аткарган ишин коомчулукка үлгү катары көрсөтүү башкаларга дем берерин белгиледи.

«Ошондуктан бул ишти колдошубуз керек. «Марал» радиосуна терең ыраазычылык билдирем. Анткени мамалекетти өнүктүрүү өзүнөн-өзү ишке ашпайт. Өнүгүү ар бир кишинин жасаган ишинен курулат. Бүгүнкү сынакта тандалгандардын баары сыйлыкка татыктуу экен», — дейт.

Ал буга кошумча, иш-чаранын форматы дагы өзгөчө болгонун белгилеп өттү.

Айта кетсек, бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

Иш-чарага президенттин аппаратынан, өкмөттөн өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM