Биз менен байланышыңыз

«Аймак сыймыктары» кимдерге ыйгарылды? (тизме)

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 3116 | 0

«Аймак сыймыктары» сынагына жалпы 112 кайрылуу түшүп, анын ичинен 13 сунуш кабыл алынып, сыйлык ыйгарылды. Бул иш-чаранын башкы демөөрчүсү «Замандаш» саясий партиясы болду. Ошондой эле «Pierre coffee», «Мегаком» компаниясы, «Образ» студиясы колдоо көрсөттү.

Кенжекул айылынын жашоочулары

 Кенжекул айылы — айыл жашоочулары менен сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын ынтымактуу эриш-аркак мамилесинин натыйжасы менен өнүгүп келе жаткан аймак. Алсак,  кичи мекенинен алыста жүргөн мигрант тургундардын жана жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен айылда 2017-2018-жылдары жалпы 6 млн 400 миң сомдук иштер аткарылган.  Айылдын көчөлөрү 100 пайыз жарык менен камсыздалган.

Ар бир үйгө кабель аркылуу келген интернет жеткиликтүү болуп, жада калса, wi-fi колдонгон үйлөр да четтен чыгат.

Айылда жалпы 10 көчө болсо, быйыл алардын бирөөсү толугу менен жасалып, бетон төшөлдү. Ага жалпысынан 400 миң сом коротулган. Айылдыктардын бул ишти улантып, бардык жолду асфальттоо ниети бар.

Кенжекулда 350-400 кожолук бар. Айыл элинин алдыда канализацияга туташуу, жаратылыш газын алып келүү жана клуб, бала бакча жана спорт зал куруу максатын бар. Бул иштер да өздөрүнүн демилгеси жана каржылоосу менен ишке ашмакчы.

«Ашуу» конок үйү

Ашуу –Бишкектен 90 чакырым алыс Быстровка айылында жайгашкан. Чоң Кеминдеги эң кооз аймакта. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын өзүнө камтыган, кызмат көрсөтүүсү жогорку деңгээлде болгон конок үйү. Анда ар бир бөлмө улуттук кол өнөрчүлүктөр менен жасалгаланган.

Ошондой эле таштан куралган ашканасында улуттук даамдар өзгөчө рецепте  даярдалып, улуттук  музыкалык аспаптардын үнү жаңырып, баргана меймандарга өзгөчө рахат тартуулайт.

30 адамга ыңгайлашкан чакан жайга агылып келген туристтер көп. Ашуу конок үйү аймактарды өнүктүрүүдө туризм тармагына өз салымын кошуп, жергиликтүүлөрдү жумуш орду менен камсыз кылып келет.

Нурсултан Карабаев

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында ата-энеси сыртта жүргөн балдар үчүн атайын бала бакча ачылган. Бул аймакта бала бакча жетишсиз болгону жана миграциянын агымы да жогору.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн ишкер Нурсултан Карабаев  жазган   долбоор  ийгиликтүү болуп    , анын натыйжасында       балдар  бакчасы  курулуп, колдонууга берилген. Балдар бакчасында   мигранттардын жана ата-энеси алыста болгон балдар тарбияланат.

Нурсултан  Карабаев алдыда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да атайын бир тайпа түзүүнү пландоодо.

Исфана шаарында бала бакчага бара турган курактагы 2690 бала болсо, жалгыз мамлекеттик бала бакча 250 гана баланы кабыл ала алат.

Жаңы курулган обьект шаардагы бул көйгөйдүн чечилишине аз да болсо өз салымын кошуп келүүдө.

«Бизнес караван» долбоору

Business Caravan форуму–аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүнү жана бизнесин кеңейтүүнү каалаган ишкерлерди бир аянтчага чогултуп, 125 реалдуу келишим  жана 418 потенциалдуу келишим түзүлдү.

Аталган саамалык Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болуп, ар биринде 200дөн ашуун ишкер катышты. Анда Бишкек шаарынан барган ишкерлер менен жергиликтүүлөр таанышып, бирге иш алып баруу боюнча макулдашуулар болду.

Форум аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, катышуучуларга “Чакан жана орто ишканалар үчүн ВСП+ мүмкүнчүлүктөрү”, “Өндүрүштө тамак-аш коопсуздугу”, “Энергоэффективдүү технологиялар” жана “Бизнестеги медиация” сыяктуу учурдун маанилүү маселелери боюнча окутуулар да жүргүзүлдү.

JIA бизнес-ассоциациясы өлкөнүн ири облустарындагы кичи жана орто бизнестегилердин башын бириктирет жана 1000ден ашык мүчөсү бар.

«Прод импекс» ишканасы

«Прод Импекс» ишканасы 2017-жылдын соңунда  ишке кирген. Учурда өлкөнүн ар кайсы аймагында өстүрүлгөн мөмө жана жер жемиштерди кайра иштетүү аркылуу продукциянын  жети түрүн чыгарат. Ишкана күнүнө 20 тоннадан 40 тоннага чейин продукция өндүрөт.

Андагы техникалык шаймандар Италиядан алынып келинип, заманбап талаптарга жооп берет. Заводду курууга 5,5 млн доллар сарпталып, ХАССП стандартына ылайык салынган.

Ишкана алгач иштей баштаганда дыйканчылык менен алектенген 154 кожолукту камсыздаган болсо, алдыдагы 2 жылда бул көрсөткүч 3 эсеге өсөрү күтүлүүдө. Негизгиси, аймактарды өнүктүрүү жылында жергиликтүү дыйкандарга ири кардар болуп, алардын өндүргөн жемиштерин сатып алып келет.

Заводдун курулушу менен токсонго жакын жумушчу орун түзүлгөн.

Темирболот Абыкеев

Кочкор районунда  жайгашкан Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев айыл өкмөтүн жетектөөгө 24 жашында келген. Борбордон алыс бул айыл өкмөт эки айылдын башын бириктирет. Инфраструктурасы   өнүкпөгөн, көйгөйлөрү арбын айыл өкмөттүн дымактуу жана демилгелүү жаш жетекчиси кыска аралыктын ичинде эле жол, таза суу, мектеп, клуб, көпүрө сыяктуу маселелерин чечүүгө үлгүргөн.

Айыл өкмөткө тиешелүү 5 чакырым негизги жол оңдолгон. Айылдын көчөлөрү жарыктандырылган. Аны өзү демилге көтөрүп, жеке ишкерлерден каражат чогултуп ишке ашырышкан.

Эскилиги жеткен имаратты кайра калыбына келтириш үчүн долбоор жазып, 3 млн сомдук грант утуп алышкан. Учурда Кош-Дөбө айыл аймагынын эки айылында тең бала бакчасы бар.

Жаш жетекчи долбоор жазып жатып жаштар үчүн спорт зал курууга да жетишкен. 680 миң сомго турган бул жайда балдар машыгып келишет.

Эл менен тыгыз иштешип, аларга да дем берүү үчүн “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү үй” деген наамдар да ыйгарылып келет.

Дүйнөлүк банк, GIZ, USAID өңдүү уюмдар менен тыгыз иштешип келет. Айыл аймакка тартылган инвестиция анын бюджетинен 3-10 эсе көп.

Урматхан апа Исмаилова

2018-жылы Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 120 орундуу заманбап «Урмат апа»- балдар бакчасы бүтүп ишке берилди.

Мындай социалдык обьектинин курулушуна шаардын тургуну Урматхан Исмаилованын салымы чоң. Анткени ал өзү жашап жаткан үй ордун балдарга арнап акысыз берген. Ошондой эле бала бакчанын курулуш иштерине да көмөк көрсөтүп, кайсы бир бөлүгүн каржылаган.

Бала бакча 120 балага ылайыкташкан жана 3 кабаттан турат. Анда жеткинчектер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Эко деми» коомдук фонду

Коомдук фонд Кыргызстанда 2018 -жылы коомчулуктун кеңири катмарын камтыган тазалык акцияларын өткөрүп келди. 15-сентябрь –“Эл аралык тазалык күнүндө” өлкө боюнча 400 миң кыргызстандык бул акцияга катышкан.

90 аймакта тазалык иштери жүрүп, мунун натыйжасында 8 миң тонна таштанды чогултулган. Фонддун жетекчиси Айжан Чыныбаеванын демилгеси менен өткөн жылы да Ысык-Көлдүн жээгинде тазалык иштери жүрүп, ыктыярчылар 360 тонна таштанды чогултушкан.

Ошондой эле март айында башталган 3 айлык “Таза жашоо” акциясы да “Эко деми” фондунун салымы чоң.

Айжан Чыныбаева жакында эле Жаңы жылда экологияны жана шаар тазалыгын сактоо үчүн жарандарды жардыргыч заттарды колдонбоого чакырган флешмобду баштаган.

Айзат Кангелдиева

Айзат Кангелдиева 2006-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеп, аларга экинчи апа болуп келе жатат. Өзү Ак-Сууда жашаганына карабай, күнүнө Каракол шаарына келип, өзгөчө балдарга  мээримин төгүп, сүйүүсүн арнап, таалим-тарбиясын берип келет. Айзат айым 2006-жылы кореялык долбоордун натыйжасында иштей баштаган.   Долбоордун негизги идеясы – ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдарды окутуп, аларга кесип берип, жумушка орноштуруу  болгон. Бирок 2011- жылы долбоор жабылып, кичинекей балдар окуп бүтө албай калды. Ал эми Айзат билим дүйнөсүнө жаңы гана сүңгүп келе жаткан балдарды  ара жолго таштабай, айлык акы албаса да, аларга билим тарбия берүүнү улантып келет.

Азырынча Айзат онго жакын балдарды окутат. Айрым  балдардын жашы да 20га жакындап калды. Айзат бүгүн коом  суусап турган чоң адамкерчиликтин, мээрман камкордуктун  үлгүсүн көрсөтүп келет.

Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору (АРИС)

Бул долбоор   жайыттарды, мал чарбасын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле жайыттарга инвестииция тартып, жайыт институттарын, ветеринарлардын адискөйлүгүн жогорулатууну көздөйт.

3 этаптан турган долбоорго жалпысынан 15 млн АКШ доллары каралган. Анын алкагында экскаватор жана грейдерлерди сатып алуу, жайыттардын инфраструктураларын жакшыртуу сыяктуу иштер аткарылды.

Жайыт комитеттерине өзгөчө көңүл бурулуп, кеңсе жана палатка, керектүү буюмдар менен камсыз кылынган.

Жеке ветеринарларды да окутуу боюнча 93 жолу тренинг өткөрүлүп, ага өлкө боюнча 1727 адам катышкан. Ал эми жайыттарды пайдалануу боюнча   222 жолу окутуу болуп, ага  5 528 жаран катышкан.

Рахатбек Бекташев

Токтогул районунун Ничке-Сай айылынын тургуну. Айылда дыйканчылык  менен алектенет. Тапкан кирешесинин  негизги булагы асыл тукум мал чарбасын өстүрүп, аны сатуудан түшөт. Рахатбек мырзада жеке гана өзүн эмес, өзгөгө да жардам берейин деген ниет-тилек өтө күчтүү болгондуктан, жашаган аймагынын  көйгөйлөрүн да жан-дүйнөсүнөн өткөрүп келет. Анын бир гана мисалы, урайын деп араң турган айыл өкмөтүнүн имаратын өз каражатынан 50 миллион сом жумшап, толук ремонттон өткөрүп берген.

Анын ичинде электрондук китепкана, почта кызматы жана мейманкана да орун алган. Имарат 3 кабаттан туруп, акыркы үлгүдөгү жылытуучу жабдыктар менен жабдылган.

Бекташев мындан сырткары жайыт комитети менен биргеликте Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл аймагынын жашоочулары жайлоого барчу 10 чакырымдык жаңы жол салууда. Анткени эскиси менен кышкысын унаалар жүрө албай калчу.

Жолду салуу 2 айдан бери улантылууда жана жакын арада ишке берилери күтүлүүдө.

Аймактын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон Бекташев топоз чарбачылыгы менен да алектенет. Азыркы тапта алардын саны 150дөн ашты. Келечекте ферма түзүп, топоздун эт-сүт азыктарын чет өлкөлөргө чыгаруу максаты бар.

«Бир айыл — бир продукт» долбоору (JICA)

Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин “Бир айыл–бир продукт” долбоору өлкөдөгү өндүрүштү жакшыртууга өз салымын кошуп келет.

Агенттик дыйкан жана ишкерлерди колдоо менен ар бир облустун жеке брендин чыгарып, өндүрүшүн өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Агенттик ишмердүүлүгүн Ысык-Көл облусунан баштап, 2017-жылдан тарта ар бир облуска да кол сунду.

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында атайын комитеттер түзүлүп, аймактарга тиешелүү азыктардын брендин иштеп чыккан.

Алсак, Баткенде 5, Жалал-Абад 4, Нарын 5, Ош 7 продуктунун түрү өндүрүлө баштаган.

Ал эми “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында жалпы 300 продукт иштетилип, сатыкка чыгып келүүдө.

Наима Осмонова

Наима Осмонова 26 жаштагы ишкер айым. Жаштыгына карабастан өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдү жөнгө салууга бараандуу салымын кошуп келет.

Алсак, Ысык-Көлдө жайгашкан “Кутбилим” кыздар жатак мектебине 14 гектар жерди 200 миң АКШ долларына сатып алып берген. Учурда курулуш иштери жүрүп,   мектепти  пайдаланууга берүү алдында турат. Имарат баардык шарты бар,  заманбап мектептердин катарын толуктайт. Жаш ишкер айым – бул мектепке салым кошкон демөөрчүлөрдүн алдыңкыларынын бири.

Ошондой эле жаш ишкер айым Наима Осмонова ар кандай кайрымдуулук иштерге да активдүү катышып келүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM