Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: Өлкөдөгү туруктуулук өнүгүүгө шарт түздү

«Маралдын» «Аймак сыймыктарын» сыйлоо аземинде сөз сүйлөгөн ишкер Аскар Салымбеков 2018-жыл өлкөдө саясий туруктуулук болуп, өнүгүүгө жакшы шарт түзгөнүн белгиледи. Ушундай эле жакшы атмосфера кийинки жылы да улануусун каалаган ишкер президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү демилгеси жакшы пайда алып келгенине токтолду.

Ал эми радиобуз тууралуу: «Күчтүү атаандаштыктын шартына туруштук берип, өз ордун, жогорку кадыр-барк тапкан «Марал» радиосуна ийгиликтерди каалайбыз, дагы да бийиктей бергиле!»,-деди.

Copyright © 2017 Maral FM