Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: Жогорку Кеңеште «дөөрүп койгон» депутаттар да бар

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 702 | 0

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сүйлөгөндүн ордуна дөөрүп коюп жатканын билдирди.

Анын айтымында, парламенттин трибунасы — адилеттүүлүк айтылчу жер. Андыктан депутаттар акыйкатты айтышы зарыл.

«120 депутаттын баары жаман деп айта албайм. Арасында элди ойлогон, жакшы мыйзамдарды чыгаргандар жок эмес. Бирок, тилекке каршы, партиянын тизмесине кирип калып парламентке келген эл өкүлдөрү да бар. Айрымдар сүйлөгөндүн ордуна дөөрүп коюп жатат. Мындай болбошу керек», — дейт Салымбеков.

Анын билгилегенине караганда, өлкөдө ишкерлерди текшергендер көп. Алардын маянасы аз болгондуктан, бизнеске тийишишет. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн текшерүүчүлөрдүн санын азайтуу зарыл. Мындан сырткары, аймактык-территориалдык реформаны батыраак ишке ашыруу кажет.

Copyright © 2017 Maral FM