Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: Саясатка купулум толгон жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 1239 | 0

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде саясатка купулу толбогонун билдирди.

Анын айтымында, бийликте туруп эч нерсе кылбаганга караганда, элге пайдалуу иштерди жасаган жакшы.

«Аткарган коомдук иштер натыйжа берип турса, моокумуң канат экен. Саясатта бири-бири менен талашып, кадрлар бат алмаша берсе, иренжий баштайт экенсиң. Андан көрө купулуң толгон иш менен алектенген жакшы. Мезгил ар кандай болуп жатат. Андыктан саясаттан биротоло кеттим деп айта албайм. Жигит катары элге пайдам тие турган иш болсо, журтка кызмат кылууга даяр болушубуз керек. Бирок мамлекеттик кызматка чакыруу болсо, барышым кыйын. Көп маселелерде артта калдык. «Коопсуз шаарды» 3-4 жыл мурда киргизсек болмок. Мамлекеттик кызматка баргандар көз каранды болууда. Аларды туруктуу иштетпей жумуштан айдап ийсе кимге пайда? Андан көрө элге пайдалуу иш кылган оң», — дейт Салымбеков.

Ал буга кошумча, саясат көп кырдуу экенин айтып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн саясатчыларды колдой турганын белгиледи.

«Өзүмдү ийгиликтүү ишкермин деп эсептейм. Ар бир ишкер стабилдүүлүктү каалайт. Шайлоодо талапкерлерден ким туруктуулукту камсыз кылат деп шайлайсын. Эл колдоп келе жаткан президентти биз да колдодук», — дейт Салымбеков.

Copyright © 2017 Maral FM