Биз менен байланышыңыз

Ажыкулов: «Аймак сыймыктарын» трендге айлантуу керек

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 1055 | 0

ЖИА Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов «Марал» радиосунун «Аймак сыймыктары» сынагы региондорду өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болгонун билдирди.

«Аймак сыймыктары» сыйлыгы биринчи жолу берилүүдө. Аны тренд кылып көп үгүттөсөк, аймактарга көбүрөөк маани берсек. Бир гана ишкерлер эмес мамлекеттик органдар дагы аймактарга маани берип, көйгөйлөрдү алып чыгышса. «Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» деген жакшы программасы бар. Анда жарандар региондордогу көйгөйдү айтышат. Ушундай нерселерге көбүрөөк көңүл буруп, жарыкка алып чыксак, бир гана Бишкек менен чектелбей жалпы өлкө боюнча өнүгөбүз», — дейт Ажыкулов.

Айта кетсек, бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

Иш-чарага президенттин аппаратынан, өкмөттөн өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM