Биз менен байланышыңыз

«Марал» «Аймак сыймыктарын» сыйлады

Бүгүн Бишкек шаарындагы салтанат үйлөрүнүн биринде «Марал» радиосунун «Аймак сыймыктары» сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрү сыйланды. Аземге республикадагы көрүнүктүү ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге аймактардан келген ишкер демилгечилер катышышты.

Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

«Аймак сыймыктары» конкурсунун максаты элетти өнүктүрүүгө салым кошкон карапайым адамдарды үлгү иретинде элге таанытуу, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылган жарандарды шыктандыруу болуп саналат. Мындан улам, бул конкурска сунуштарды жөнөткөн мигрант мекендештерге, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын тургундарына «Марал» радиосу ыраазычылык билдирет.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырып, сөз сүйлөгөн коноктор бул демилгенин 2018-жылдагы президент Жээнбековдун программасын колдоого алып, өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошорун, аймактагы ийгиликтүү жарандарга шык берерин билдиришти.

«Марал» радиосунун калыс, прогрессивдүү жана ишенимдүү медиа экенин белгилеген коноктор ага алдыдагы чоң бийиктиктерди багындырууга тилектештигин айтышты.

Радиобуздун башкы директору Руслан Акматбек келген конокторго, сынактын катышуучуларына жана иш-чараны уюштурууга демөөрчүлук кылган «Замандаш» партиясына, «Мегаком» компаниясына, «Pierre coffee» кафесине жана «Образ» студиясына ыраазычылык билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM