Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Марал-эң ишенимдүү радио

Марал радиосунун «Аймак сыймыктарын» аныктоо аземинде сөз сүйлөгөн депутатЧыныбай Турсунбеков мындай жакшы демилгени көтөргөндөргөн «Марал» радиосуна ыраазычылык билдирди.

«Маралдын кадыр-баркы жалпы республикага белгилүү. Өлкө боюнча ишенип уга турган эки-үч радионун бири экенин билебиз.  Бул жерге урмат-сыйлуу адамдардын келгени да радионун жогорку кадыр-баркын тастыктап турат».

Аймактарды өнүктүрүү жылына шайкеш келген бул иш-чара колдоого татыктуу экенин белгилеген Турсунбеков көпчүлүк көңүл бурбаган өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон аймактардагы жарандардын эмгегин жарыялоо керектигин билдирди.

-«Көп түкүкүрсө көл болот»,-деген накыл кептин далили ушул. Биз алыскы аймактарга барганда ири көлөмдөгү инвестицияларды тарткан жергиликтүү тургундарды көрдүк. Бул сыяктуу ири долбоорлорду, идеяларды ишке ашырууга мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берсе, алдыга жылуу болот»,-деди депутат.

«Аймак сыймыктарын» сыйлоо аземи бүгүн Бишкекте өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM