Биз менен байланышыңыз

Депутат Чыныбай Турсунбековдун абалы стабилдүү

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 3141 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун абалы оор деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, Чыныбай Турсунбековдун жалпы абалы жакшы жана стабилдүү.

Азыр эле жубайы менен сүйлөштүм. Кан басымы, температурасы, сатурациясы — баары жакшы. Үй-бүлөсү менен сүйлөшүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу — пневмония. Коронавируска карата ПЦР тести таза чыккан, — деп жазган Нуракун уулу.

Кыргызстанда акыркы 10 күн аралыгында коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар жана каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Өткөн сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болсо, пневмониядан 26 бейтап каза болду.

Март айынан бери пневмониядан жалпы 177 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM