Биз менен байланышыңыз

Депутат Чыныбай Турсунбеков көз жумду

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 785 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков пневмония илдетинен кечээ, 6-июлда каза болду/ Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.

Буга чейин Чыныбай Турсунбековдун пневмония оорусуна кабылганы маалымдалган. Ал өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүлүп жаткан.

Жогорку Кеңештин айрым кызматкерлери коронавируска чалдыгып, андан соң коронавируска карата ПЦР тест тапшырганда таза чыккан болчу.

Марал радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM