Биз менен байланышыңыз

Чыныбай Турсунбековдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 1869 | 0

 Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн, 7-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөп, маркумдун жубайына, балдарына жана жакын туугандарына президенттин, эл өкүлдөрүнүн жана өзүнүн атынан көңүл айтты.

Чыныбай Турсунбеков пневмония илдетинен кечээ, 6-июлда түнү каза болду.

Буга чейин Турсунбековдун пневмония оорусуна кабылганы маалымдалган. Ал өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алып, жакынкы күндөрү ИВЛ аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүлүп жаткан болчу.

Марал радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM