Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Айтматова парламенттик шайлоого даярдыкты баштады

Кыска кабар | 23 Сен 2019 | 653 | 0

Мурдагы депутат Ширин Айтматова депутаттар буудайды импорттоо аркылуу 2015-жылдагы парламенттик шайлоого кетирген чыгымдарын жаап, андан башка да 650 млн сом тапканга жетишкени тууралуу видеокайрылуу таратты. Ал шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин, тактап айтканда, 2015-жылдын 14-октябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстанга алынып келинген буудайларды бажы салыгынан бошотуу токтомун «Өнүгүү-Прогресс», КСДП, «Кыргызстан» партиялары колдоп чыкканына токтолгон.

Видеокайрылууда аты аталган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын ошол кездеги төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ширин Айтматова айткан дооматтардын баарын четке какты. Ал Айтматованын бул аракетин келе жаткан 2020-жылдагы шайлоого көргөн даярдыгы катары сыпаттайт.

— Мен видеону көрдүм. Бирок ал айткан жүйөлөрдүн бирөө да чындыкка дал келбейт. Аты эл арасында унутулуп баратканда, шайлоого кайрадан атын чыгаруу аракети деп билем. Парламенттеги аты чыккан, көрүнүктүүлөрдөн баштады десем да болот. Дагы бир нерсени айтышым керек, анда токтомду ким колдоду? Ошол нерсени да тактап алышса болмок. Анткени, ал жакта мен жокмун. Видеокайрылууда менин ысымым айтылып калып, бардык ЖМКга жооп бергенге туура келип жатат. 

Copyright © 2017 Maral FM