Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Марал» — бейтарап радио

Саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосунун “Аймак сыймыктарын” сыйлоо демилгеси тууралуу оюн айтып, элет жериндеги мыкты адамдарды борбордо даңазалап, сыйлоо жакшы жышаан экенин айтты.

Ошондой эле ал массалык маалымат каражттарынын ичинен “Марал” радиосу бийликтин да оппозиция тараптын да оюн коомго жеткирүүдө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берерин белгиледи. Мындан ары да калыс массалык маалымат каражаты болууну тиледи.

Айта кетсек, бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүп жатат.

Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM