Биз менен байланышыңыз

Салянова: Аймак сыймыктары биринчи жолу сыйланууда

Жогорку Кеңештин мурунку депутат Аида Салянова Маралдын “Аймак сыймыктарын” аныктоо сыяктуу иш-чара биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи. Ал элет жериндеги мыкты, демилгелүү жарандар тууралуу маалымат берүү жакшы идея болгонун айтты.

Айта кетсек, бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өтүп жатат.

Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

Иш-чарага президенттин аппаратынан, өкмөттөн өкүлдөр Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер, аймактардан келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM