Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эки спортчусу эл аралык мелдеште алтын медаль утушту

Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 657 | 0

Кыргызстандын эки спортчусу Өзбекстанда өткөн ушу саньда боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту.  Бул тууралуу Ош шаарынын ушу саньда боюнча башкы машыктыруучу Нематжан Юсупов билдирди.

Маалыматка ылайык мелдеш Өзбекситандын Жизак шаарында өтүп,  ага 300гө жакын Кыргызстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Өзбекстандын  спортчулары  катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандан эки спортчусу 20 жаштагы Кадырбек Эрмамат уулу жана 19 жаштагы Элзада Момунжановалар алтын медалдарды утушту.

Copyright © 2017 Maral FM