Биз менен байланышыңыз

Банк аркылуу пенсия алгандар 51 пайызды түзөт

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Фев 2019 | 840 | 0

Өлкөдө республика боюнча пенсия алуучулардын саны 651 миң адамды түзөт. Алардын ичинен 49 пайызы пенсияны почта, 51 пайызы банка арккылуу алышат. Бул тууралуу Социалдык фондунун пенсияны төлөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азат Ашымбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматында, пенсионерлер кайсы багыт менен пенсияны алуу ыңгайлуу болсо, ошонусун тандап алат.

Белгилей кетсек, учурдагы мыйзам боюнча Бийик тоолуу шартта жашаган эркектер 55, аялдар 50 жаштан чыгат. Жөнөкөй шартта эркектер 63 төн, аялдар 58 жаштан пенсия алат. Жаш курагы боюнча жалпы негизде толук пенсияга чыгуу үчүн керектүү болгон камсыздандыруу стажы эркектер үчүн 25 жыл, ал эми аялдар үчүн 20 жыл.

Copyright © 2017 Maral FM