Шашылыш кабар:

Айылдарда терминалдардын саны көбөйтүлүүдө

Июль 7th, 2018 | by Бахар Хакимова
Айылдарда терминалдардын саны көбөйтүлүүдө
Эколикбез
0

Улуттук банк менен биргеликтеги “Эколикбез” программасынын бул жолку чыгарылышында төлөм системасы, карталарды колдонуу, коопсуздук маселелерине токтолдук. Суроолорубузга Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын адистери Жеңиш Ташмаматов, Муктар Саякпаев жооп беришти.

Марал: Бүгүнкү күндө кандай төлөм системалары бар?

Жеңиш Ташмаматов: Мыйзам тилинде айтсак, системалардын, техникалык жабдуулардын, атайын персоналдардын жыйындысы төлөм системалары деп аталат. Төлөм системалары ар бир өлкөнун финансылык системаларынын кан тамырлары деп атасак туура болот. Биздин өлкөдө банк аралык системалар -негизги төлөм системалары болуп саналат. Оператору болуп Улуттук банк эсептелет.

Ошондой жле, клиринг ситемасы бар. Бул чекене же майда төлөмдөрдү жүргүзүүдө колдонулат. Андан кийинкиси учурдагы эң популярдуу болгон банктык карт системалары. Ошондой эле эл арасында кеңири таралган эсеп ачуу системасы иштеп жатат. Бул системада өлкө ичинде жана эл аралык акча которууларды жүргүзсө болот. Ал эми төлөм терминалдар системасы — бул жерде коммуналдык төлөмдөр кабыл алынат.

Марал: Банктык карт системасы канчалык жайылууда?

Жеңиш Ташмаматов: Карттык төлөм системалары азыркы учурга чейин кеңири колдонулган терминалдар. Системалар өлкөнүн бардык жеринде жеткиликтүү. Колдонулуп жаткан карталардын саны учурда 2 млн 200 миңден ашык.

Мисалы, Элкарт төлөм системалары 10 жылдан бери иштеп келе жатат. Алардын саны учурда 1 млнду түзөт. Элкарт аркылуу бюджеттик мекемеде иштегендер, пенсионерлердин 50-60 пайызы жана жөлөк пул алуучулар төлөмдөрүн жүргүзөт. бул картттарда жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн эң төмөн комиссия колдонулат. Кээ бир жерлерде нөлдүк пайыз менен, ал эми пенсионер, жөлөк пул алуучуларга карта бекер берилет. Бул эл аралык төлөм системаларына салыштырмалуу бул бир топ ыңгайлуу.

Марал: Учурда банкоматтардагы комиссияларды көлөмү кандай? Келечекте бирдей көлөмдөгү комиссия киргизүүгө болобу?

Муктар Саякпаев: Соода түйүндөрдө жайгашкан түрдүү банкоматтар Элкарт системасын кабыл алууга тийиштүү. Бул мамлекеттик программанын негизинде ишке ашырылып жатат. Кээ бир соода түйүндөрдө карт менен төлөгөн учурларда кошумча нарк алынбайт жана 1 пайыздык жеңилдик берилет. Демек накталай эмес төлөөгө өтүү ыңгайлуу.

Марал: Төлөм жүргүзүүдө элдин канча пайызы карточка колдонуууга өттү?

Муктар Саякпаев: Учурда калктын басымдуу бөлүгү накталай төлөөгө көнүп калган.

Коопсуздук боюнча айтсак, бул системалардын үстүнөн көзөмөл кылган органдар бар. Коркууга негиз жок. Картаны ишке киргизүү үчүн мамлекеттик органдар жана Улуттук банктын талаптары аткарылышы керек. Айлык маяна алууда да каалаган учурда каалаган жерден алып колдонсоң болот. Көпчүлүктүн мындай шартка көнө электиги финансылык сабаттуулугунун төмөндүгүнөн кабар берет. Бирок, дүйнөлүк практикада колдонулгандан кийин биз да акырындык менен толук кандуу колдонобуз.

Марал: Алыскы аймактарда банкоматтардын саны жетишсиз. Бул боюнча жарандардын нааразылыгы да көп. Улуттук банк кандай аракеттерди көрүп жатат?

Жеңиш Ташмаматов: Учурда алыскы региондорго банкоматтарды орноштуруу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө быйыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды.  Бул терминалдар көбүнчө Европа өлкөлөрүнөн алып келинет. Бирок аны алып келип орнотуу да бир топ түйшүктү талап кылат. Бир банкоматтын баасы 10 мин евро турат.

Анын үстүнө терминалдарды айыл жерлерине орнотуу бир топ каражатты талап кылат. Кээ бир айылдарда болгону 50гө жакын карта колдонулат экен, бул терминал үчүн, банк үчүн абдан пайдасыз. Анткени бир банкомат жок дегенде 1000 карт колдонуучуну тейлеши керек.

Буларды эске алуу менен 2017-жылдан тарта атайын кыргыз почтасынын бөлүмдөрүн ишке киргизгенбиз. Бул мекмелерге мамлекеттик банк менен келишим түзүү аркылуу пост- терминалдарды орноттук.

Азыркы күндө 200дөн ашуун пост -терминалдар ишке киргизилген, жакшы натыйжа берип жатат. Пост-терминалдардын артыкчылыктары башка терминалдарга салыштырмалуу наркы 10 эсе арзаныраак. Пост терминал аркылуу айыл жергесинде эле коммуналдык жана башка төлөмдөрдү жүргүзсө болот.

Мындай терминалдарды орнотуу Нарын облусунан башталып, учурда улантылып жатат. Улуттук банктын өкүлдөрү жана тиешелүү органдар менен биргеликте терминалдардын иштөөсү тууралуу мониторинг жүргүздүк. Өлкө ичинде 1500дөн ашуун банкомат жана 9000 миңден ашуун пост терминалдар бар. Учурда 200дөй почта бөлүмдөрү бар, булар 500дөн ашуун айылдарды тейлей алат.

Марал: Электрондук төлөө системасы канчалык жайыла баштады?

Жеңиш Ташмаматов: Кыргызстанда 9 коммерциялык банк электрондук акчаны эмиссия кылууга укугу бар. Бул 25 банктын арасында болжол менен 36 пайыз болуп эсептелет. 2017-жылдын аягына карата салыштырмалуу электрондук капчыктардын саны 82 пайыз өстү. Учурда болжол менен 700 миң капчык колдонуучулар бар. Бул капчыктар аркылуу өткөрүлгөн  төлөмдөрдүн жалпы суммасы 700 млрд сомду түзөт.

9 коммерциялык банктын 10 акча системасы бар алар – Мобилник, ЭЛСОМ, UMAI, Илбирс, Аманат жана башкалар. Электрондук акча системасынын пайдалуулугу – аны колдонуу оңой, ыкчам, убакытты үнөмдөсө болот, үйдөн чыкпай эле уюлдук телефонунан жүргүзө алат.

Марал: Карточкалдарды колдонууда кыйынчылык жаралбашы үчүн кандай кеңештерди бере аласыздар?

Жеңиш Ташмаматов: Финансылык  сабаттуулукту жоюу боюнча Улуттук банк жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Муну менен бирге эле, ар бир банк тарабынан чакан китепчелер берилет. Ал жерде карточкаларды кандай колдонуу боюнча маалыматтар жазылган. Ага сөзсүз көңүл бөлүү керек. Негизи банкоматка барып акча алуу убактысын алдын ала пландаш керек. Эгер улгайган курактагы жаран болсо коопсуздугу жана алданып калбашы үчүн жанына бирөөнү алып алганы оң. Анткени тобокелдиктер бардык эле жерде бар.

Экинчиден, эртеби-кечпи баары бир ушундай төлөм системасына өтмөкпүз. Ошондуктан жакшы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Марал: Кайсы жылы барып толук өтүп калабыз?

Жеңиш Ташмаматов: Жогоруда айткандай Улуттук банк финансылык сабаттуулук боюнча 2018-2022-жылга чейин мамлекеттик программанын үчүнчү баскычы бекитилип, азыр ишке ашып жатат. Анын алкагындагы иш-чаралдардын негизинде бюджеттик мекемелердин баары картага өтүп калышты.

Ошондой эле, мектептерде да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода борборлорунда сооданы толугу менен накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүгө өтүү сунушталып жатат. Келерки 5 жылдын ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишебиз.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache