Биз менен байланышыңыз

Жумакулова: Министрликте отурган жетекчилер эки стандарттуу оюн ойноп жатышат

Күн чабыт | 18 Дек 2018 | 1160 | 0

Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айрым министрлерге карата катуу сын айтып, электрондук өкмөттү ишке ашырууда кеч калып жаткандарын белгиледи. Алардын катарында Саламаттыкты сактоо тармагы эң артта калган министрлик экенин айтып, жарандар тараптан дооматтардын көпчүлүгү да аталган министрликке карата болуп жатканын айтты. Ушул теманын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова менен “Күн чабыт” программасында маектештик.

-Коопсуздук кеңешинде президент Сооронбай Жээнбеков Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондоштуруудан кеч калып жатканы үчүн коррупциялык схемалар бар деди. Эмне үчүн электрондоштуруу толук ишке ашпай келген?

-Менин пикиримде буга министрлик өзү кызыктар эмес. Анткени санариптик саламаттыкты сактоо боло турган болсо баары иретке түшүп, коррупциялык схема жоюлуп калат да. А бул алар үчүн ыңгайлуу эмес. Анан албетте, бул системанын кечигүүсүнө каражат маселеси да себеп. Бирок көбүрөөк министрлик кызыктар эмес деп ойлойм.

-Электрондоштуруу менен эмне өзгөрөт?

-Бул система ишке ашса, электрондук кезек ишке ашат. Анын натыйжасында кезек күтүп турганда ортодо акча ала калып, киргизип жибергендер жоголот, келген-кеткендин тизмеси ачык, так болот. Мисалы, азыр келгендердин санын көп кылып көрсөтөт дагы, а негизи дарыгерлер анын баарын текшерүүгө жетишпейт. Ал жерде дагы акча рол ойнойт. Элдин саны да так болбой, келген бейтаптардын да саны көбөйтүлүп көрсөтүлөт. Эгер санарипке өтсө, баары катталып, ашыкча сан көрсөтүлбөйт. Ошондо жасалга тизме түзүп, акча алгандар да акча ала албай калат.

-Мамлекеттик дарылоо мекемелериндеги дарыгерлер айлык акынын аздыгынан ушул нерсеге барат дешет. Сиз мындан башка да себебин көрөсүзбү?

–Мындан башка себеп катары министрликтеги менеджменттин жоктугун айтам. Адилеттүү жетекчилер жок. Чын дилден иштеген дарыгерлерге шарт жок. Иштейм деген дарыгерлердин да эмгеги бааланбай калгандыктан, алар ушундай жолго барат. Кесипкөй  башкаруу жок десем болот.

-Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюунун электрондоштуруу системасынан башка натыйжа бере турган жолу барбы?

–Мен биринчиден, министрликке туура киши келиш керек деп ойлойм. Министр катары биздин саламаттыкты сактоо тармагында нөлдөн баштаган киши дайындалышы керек болчу. Мисалы, биздин мурдагы министр эл аралык деңгээлде жакшы кардиолог болгону менен, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынан алыс болчу. Анын жанындагы командасы да ага жакшы кеңеш бере алган жок. Андан кийинки азыркы министр фармаколог. Фармаколог менен клиницисттин айырмасы чоң. Министрлик алдын алуу чараларын, дарылоону жакшы билиш керек. Кадр тандоодогу мүчүлүштүктөр да кесепетин тийгизип жатат. Экинчиден ошол эле министрликте отурган жетекчилер эки стандарттуу оюн ойноп жатышат. Мамлекеттик ооруканага бөлүнгөн каражаттарды өздөрүнүн жеке менчик клиникаларына жумшап, натыйжада жеке менчик өнүгүп, мамлекеттик артта калып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM