Connect with us

Меркель Украинадагы согуштуу токтотуунун жолдору тууралуу айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2024 | 110 | 0
Ангела Меркель (Германиянын экс-канцлери)

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жакында чыга турган мемуарынын бет ачарына байланыштуу The Times басылмасына маек берди. Ал маегинде Украинадагы согуштун чечилиши жалаң гана аскердик аракеттерге эмес, сүйлөшүүлөргө да байланыштуу экенин айтты.

Ал Германиянын жана Евробиримдиктин согушту токтотуу жана Украинанын суверенитетин сактап калуу аракеттерин колдой турганын белгилеп, бирок согушту токтотуу бир гана аскердик аракеттер менен чечилбей турганын, сөзсүз диалог болушу керектигин белгиледи.

Меркель Украина президенти Владимир Зеленский тууралуу «Сизге жагабы?», — деген суроого, «Мындай суроо дос болуп жүргөн адамдарга гана берилет», — деп, «Зеленскийди кыйын кырдаалдагы чечкиндүүлүгү жана жетишкен ийгиликтери үчүн» сыйлай турганын айтты. Ал Зеленскийдин согуш башталганда өлкөнү таштап кетпей, Украинанын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөнү маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу пикирин билдирип, Путин 2000-жылдары бийликке келгенде, Украинага карата жаман ою болбогон деп эсептей турганын айтты. Ошондой эле Путиндин Украинага карата агрессиясы анын бийликте узак убакыт отуруу максатынан улам жаралганын айтты. Меркель Путин тууралуу эч качан иллюзияга берилбегенин билдирип, аны диктатордук тенденциялары бар адам катары мүнөздөдү.

Ошондой эле, Меркель Батыштын биримдиги күчтүү болгондо, согуштун алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү жогору болмок деп эсептейт. «Албетте, Путиндин Украинага кол салуусун актоого эч кандай негиз жок. Тилекке каршы, биз да күтүлгөндөй бирдиктүү боло албадык», — деп кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM