Биз менен байланышыңыз

Макрон: Франция кубок менен кайтат

Кыска кабар , Спорт | 15 Дек 2022 | 505 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалдык оюну тууралуу пикирин билдирди.

«Мекендештерибизге жөнөкөй жана таза кубаныч керек. Аны спорт, тактап айтканда, футбол берет. Мен азыр бир жарым саат мурункуга караганда алда канча жакшымын. Машыктыруучубуз Дидье Дешамга жана чындап эле бир нече муундан түзүлгөн курама командабызга чоң рахмат. Мен бул команда менен абдан сыймыктанам. Дешам финалда кандай ойнош керек экенин билет жана анын командасы сөзсүз жеңет. Биз кубок менен кайтабыз. Биз финалга даярданабыз жана жеңебиз!» , -деп айтты француз президенти.

Франция курамасы жарым финалда Мароккону 2:0 эсебинде утуп финалга чыккан. Бул беттешти Франциянын президенти Эммануэл Макрон өзү да жогорку трибунадан көрүп, күйөрмандык кылып отурду.

Аргентина менен Франциянын финалдык оюну 18-декабрда 80 миң көрүүчүнү батырган «Лусаил» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM