Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Аргентина Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 871 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында  Аргентина курама командасы жарым финалдык беттешинде Хорватия курамасын жеңип алды.

Лусаил Айконик стадионунда өткөн беттеш 3:0 эсебинде аргентиналыктардын пайдасына аяктап, анда Жулиан Альварес 39 жана 69-мүнөттө гол киргизсе,  Лионель Месси пенальтиден гол киргизди.

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси 11-голун киргизип, дүйнөлүк чемпионаттагы голдордун саны боюнча улуттук кураманын рекордун койду.

Хорватия курамасы менен болгон беттеш Месси үчүн Дүйнө чемпиондугундагы 25-матчы болду.

Финалда аргентиналыктар Франция менен Марокко беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт.

Copyright © 2017 Maral FM