Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Дүйнөлүк чемпионатта жеңүүчү болгон команда канча акча алат?

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2022 | 6610 | 0

Турнирге катышкан ар бир команда ФИФАдан акчалай сыйлык алат. Ар бир командага 1,5 миллион доллар төлөнүп берилген. Бул сумма дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүү учурундагы чыгымдарды жабуу үчүн эсептелген.

Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынан өтпөй калган ар бир команда 9 миллион доллар алат.  1/8 финалда утулгандар 13 миллион доллар алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми, 1/4 финалда утулган бардык командалар 17 миллион доллардан алышат, жарым финалда жана үчүнчү орун үчүн беттеште утулуп калса, командага 25 миллион доллар ыйгарылат.

Чемпионатта үчүнчү орунду алган командага 25 миллион доллар берилсе, финалга чыккан команда 30 миллион доллар алат.

Ал эми, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун жеңген командага 42 миллион доллар берилет.

Белгилей кетсек, буга чейинки дүйнөлүк чемпионаттарда

2010-жылы Испания 30 миллион доллар

2014-жылы Германия 35 миллион доллар

2018-жылы Франция 38 миллион доллар алган.

Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта бардык төлөмдөр 1 миллиард долларга жакын рекорддук сумманы түзөт.

Катардагы 32 команда катышкан футбол боюнча дүйнө чемпионаты, 20-ноябрда башталган 18-декабрда жыйынтыкталат.

Катар-2022: Дүйнө чемпионатындагы калыстардын негизги акысы 70 миң доллар

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM