Биз менен байланышыңыз

Аргентинанын машыктыруучусу Хорватия менен ойноо кыйын болоорун айтты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 13 Дек 2022 | 679 | 0

Аргентина курама командасынын башкы машыктыруучусу Лионель Скалони Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык оюндун алдында Хорватия курама командасы тууралуу пикирин билдирди.

«Биз абдан жакшы командага каршы оор беттешти күтүп жатабыз. Бул татыктуу команда, алар бир командадай ойношот жана алар менен кыйын болот. Мурунку дүйнөлүк чемпионат менен салыштыруунун мааниси жок деп ойлойм. Бирок мен Хорватия абдан жакшы команда экенине ишенем. Беттеш өтө кыйын болот», — деп билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 1/2 финалынын оюндарында Аргентина – Хорватия менен беттешет.

Оюн 13нөн 14-декабрга караган түнү Лусаил шаарындагы «Лусаил Айконик» стадионунда өтөт.

Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 01:00 дө  башталат.

Copyright © 2017 Maral FM