Биз менен байланышыңыз

Франциянын жергиликтүү бийлиги марокколук күйөрмандардан кооптонуп жатканын билдирди

Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 380 | 0

Бүгүн, 14-декабрь Париж шаарында тартипти сактоо үчүн эки миңдей полиция иштейт. Жергиликтүү бийлик футбол күйөрмандарынын Франция-Марокко беттешинин жыйынтыгы белгилүү болгондон кийинки, эмоцияларына тынчсызданууда.

Париждин борборундагы атактуу Елисей көчөсү франциялык жана марокколук футбол күйөрмандарынын ортосундагы “Согуш майданына” айланышы мүмкүн.

Париждин сегизинчи округунун башчысы Жанна д’Отсердин айтымында, Марокко күйөрмандары Франциянын борборундагы көчөлөрдө баш аламандык уюштуруп, бир нерсени талкалаганга даяр турушат, — деген маалыматтарды алган.

«Жарандыкпы, партизандыкпы айрымасы жок.  Баары жаңжалдан коркушат. Биз атактуу Елисей көчөсүн күйөрмандардын жаңжал талаасына айланышын каалабайбыз», — деди д’Отсер.

Белгилей кетсек, бугай чейин дүйнөлүк чемпионатта Марокко Бельгияны утуп алгандан кийин, Бельгияда жашаган марокколук футбол күйөрмандары Брюссель шаарында баш аламандык уюштуруп, дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, унааларды оодарып, дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн. Полиция аларды токтотууга аракет кылып, кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, атайын машиналар менен суу чачкан.

Тополоңдон улам, шаарда коомдук транспорт токтоп калган.

Бүгүн, 15-декабрга караган түнү Франция менен Марокконун командалары беттешет. Жарым финалдык беттеш Доханын Аль-Хаур шаарчасында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM